Синоптиктер катуу шамал тууралуу эскертүү беришти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 1-апрелден 3-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жана эртең менен абанын температурасы 3 градуска чейин төмөндөйт.
Мындай аба ырайы бүчүр байлап калган бак-дарактар үчүн кооптуу.