Кыргызстанда алдыдагы 3 күндө ысык күчөйт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары аптаптуу ысыктан коргонуу эрежелерин эскертет. Башка күн өтпөшү үчүн сыртка баш кийим менен чыгып, жеңил кийимдерди тандоо керек.
Күн өтүп кетүүнүн негизги белгилери – баштын оорусу, айлануусу жана шалдыроо.
Өнөкөт оорулары бар жарандарга күндүз сыртка чыгуу, коомдук транспортко түшүү сунушталбайт. Белгилеп кетсек, синоптиктердин маалыматы боюнча, аба табы 40 градуска чейин ысыйт.