Бишкекте ысык аба-ырайы дагы 10 күн сакталат. Синоптиктердин маалыматында, күндүз термометр мамычалары +35 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн +20 градусту көрсөтөт. 5-июнга чейин жаан-чачын күтүлбөйт.
Бул айда температуралык рекорд катталышы толук ыктымал. Белгилеп кетсек, буга чейин 2018-жылдын 11-майы эң аптаптуу болгон, анда Бишкекте күн 36,8 градуска чейин ысыган.