Кыргызстанда жүргүнчү ташуучу автобус жана электробустарды чыгаруучу өндүрүш пайда болушу мүмкүн

Кыргызстанда жүргүнчү ташуучу автобус жана электробустарды чыгаруучу өндүрүш пайда болушу мүмкүн. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, долбоорду россиялык компания менен ишке ашыруу пландалып жатат.

 

Бишкекке фирманын өкүлдөрү сүйлөшүүлөр үчүн келди. Андан тышкары, ордо калаа көчөлөрүнө карата ыңгайлаштыруу максатында тестирлөө жүргүзүү үчүн автобустун үлгүсү жеткирилди.