Словенияда COVID-19га каршы эмдөө алганы тууралуу тастыктамасы жок айдоочуларга май куюуга тыюу салынды. Мындан улам, жергиликтүү тургундар унааларын аргасыздан май куюучу жайларга таштап кетүүдө.
Ал эми Нью-Йоркто эмдөө албагандар жаңы жылды майрамдабай калышы мүмкүн. 31-декабрда шаардын Таймс-Сквер башкы аянтындагы салтка айланган концерттерге эмдөө сертификаты барлар гана киргизилет.