Бишкектеги эки мектепти курууда мамлекетке 5 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалым болгондой, ордо калаадагы №46 орто мектебин капиталдык ондоо иштерин жүргүзүүдө тендер мыйзамсыз өткөрүлгөн.
Ал эми №10 мектепте жасалбаган иштер үчун акча негизсиз көбөйтүлгөн.
Фактылар боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык жасалмалоо беренелери менен тергөө иштери башталды.