Кыргызстанда жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли кыскарды

Кыргызстанда жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли кыскарды.

Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, 2017-жылы жумушсуздуктун деңгээли 12 пайызды түзсө, былтыр тогуз процентке түшкөн.

Маалыматка ылайык, жаштардын көпчүлүгү иш издеп туруктуу жашаганга башка өлкөлөргө көчүп кетишүүдө.

Алар негизинен КМШ, анын ичинде Россия жана Казакстанда миграцияда.

Жалпысынан мигранттардын дээрлик төрттөн бир бөлүгүн 14 жаштан 28 жашка чейинки жарандар түзөт.