Ордо калаада ысык суу мөөнөтүнөн эрте берилип баштады.
Профилактикалык иштер аягына чыгып, батирлер жылуулук тармактарына кошула
баштады, — дешти муниципалитеттен. Белгилеп кетсек, жыл сайын Бишкекте 1-майдан
тарта ЖЭБдин жабдууларынын иши токтотулуп, оңдоп-түзөө иштери аткарылат.
Быйыл карантинге байланыштуу ысык суу 1-июндан тартып өчүрүлгөн болчу.