Ноябрдагы майрамдарга карата кыргызстандыктар канча күн эс ала турганы азырынча белгисиз

Ноябрдагы майрамдарга карата кыргызстандыктар канча күн эс ала турганы азырынча белгисиз. Календарга ылайык, 4 күн катары менен дем алыш жарыяланат  -6-ноябрдан 9-ноябрга чейин.

 

Эске салсак, быйыл Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү 7-8-ноябрь жекшемби жана дүйшөмбүгө туура келет. Демек, 9-ноябрь, шейшемби дагы эс алуу күнү болушу керек.

 

Бирок министрлер кабинети бул күндү 31-декабрга жылдырууну пландап жатат. 9-ноябрь бул учурда иш күнү болуп калат. Акыркы чечим кийинки жумада кабыл алынат.