Кыргызстандагы бардык маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт

Кыргызстандагы бардык маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт. novosti.kgге өкмөт аппаратынан билдиришкендей, мындай сунуш Республикалык штабга коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн берилди.

 

Ага ылайык, бийлик элди чогулта турган иш-чараларды өткөрбөй турууну туура көрдү. Бүгүн Ак калпак күнү майрамдалган жок, Эл аралык аялдар күнү жана ири спорттук мелдештер дагы өткөрүлбөйт. Ошондой эле, Нооруз майрамы дагы белгиленбей калышы ыктымал.