Өлкөдө кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында жаан-чачынга байланыштуу, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чапчыма ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Ошондой эле Мырзаке-Кара-Кулжа-Алай-Куу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная горка-Ак-Таш трассасындагы айдоочулар этият болушу зарыл. Унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо кажет.