Бишкекте 100 жана андан көп адамдын катышуусунда спорттук, маданий жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды

 

Бишкекте 100 жана андан көп адамдын катышуусунда спорттук, маданий жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти. Андан белгилешкендей, бул коронавирусту алдын алуу үчүн жасалууда.

 

Мусулмандардын дин башкармалыгына жана Орус Православ чиркөөсүнө Бишкектин аймагында ар кандай диний иш-чаралар үчүн адамдарды чогултууга чектөө коюу сунушу берилди.