Дыйкандарга үрөндү базар наркынан 30 пайыз арзан ала турган шарт түзүлөт.
Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев novosti.kgге билдиргендей,
2020-жылдын жазгы айдап себүү иштерине дотациялоо системасы ишке киргизилди.
Муну менен дыйкан-фермерлер сертификацияланган үрөндү төмөн баада ала алышат.
Натыйжада түшүмдүүлүк 15 пайызга чейин өсүшү күтүлүүдө. Быйыл үрөнчүлүк
тармагына 65 миллион сомдук мамлекеттик колдоо көрсөтүлдү.
Жыйынтыгында дыйкандар үрөн менен 84 пайызга камсыздалат, — деди Керималиев.