Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Сербияда өтө турган эл аралык мелдешине катышат.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 28-марттан 3-апрелге чейин Белград шаарында өтөт.
Курама команданын тизмеси төмөнкүдөй:
1. Анваржан Ходжиев 48 кг;
2. Баяман Азизбек уулу 57 кг;
3. Аскат Култаев 63.5 кг;
4. Эркин Адылбек уулу 86 кг;
5. Бакыт Токтосун уулу 92 кг.
Бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү мелдешке улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында катышат.