Көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн бүгүн финалдык беттеш болот.
Жыйынтыктоочу оюнда «Ала-Тоо» жана «Мурас» командалары күч сынашат.
Ал эми жарым финалда жеңилген «Суусамыр» жана «Келечек» командалары коло медал үчүн ат салышат.
Белгилеп кетсек, оюндар учурда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жатат.