Кыргызстандык балбандар эл аралык турнирде 11 медалга ээ болушту

Кыргызстандык балбандар эл аралык турнирде 11 медалга ээ болушту.

Спортчулар Балбай Дордоков, Султанбек Абдуллаев, Кайрат Түгөлбаев,

Атабек Азизбеков, Үзүр Жусупбеков жана Мурат Рамонов мелдеште

биринчиликке жетип, 6 алтын медал тагынышты. Мындан тышкары

башка спортчуларда 3 күмүш жана 2 коло байге бар.

Мелдеш Россиянын Новокузнецк шаарында 15-февралда жыйынтыкталды.