Кыргызстандык суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүү ниетинде

Кыргызстандык суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүү ниетинде. Учурга карата ал 82 чакырымды сүзүп өттү.

 

Дагы 98 чакырым калды. Уюштуруучулардын айтымында, спортчу Бостери айылына келип калды.

 

Аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кайык менен  жандап жүрөт. Шулико 22-августта Каракол шаарындагы жээктен сүзүп баштап, Балыкчыга чейин барат. Жалпысынан суучул 180 чакырымды сүзүп өтүшү керек. Аба-ырайы жакшы болсо, бул үчүн ага 4-5 күн талап кылынат.