Жеке ишкерлер соода кылган жери жана ишкерлик тууралуу маалыматты камтыган QR-код орнотууга милдеттендирилет

Жеке ишкерлер соода кылган жери жана ишкерлик тууралуу маалыматты камтыган QR-код орнотууга милдеттендирилет.

 

Мындай демилге менен Экономика жана каржы министрлиги чыкты. Код товар же кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү үчүн жеткиликтүү жарыяланышы керек.

 

Ал аркылуу кардарлар ижара алуучу жана соода аянтынын ээси тууралуу бардык маалыматты ала алат.

 

Экономика министрлигинен түшүндүрүшкөндөй, бул жаңычылдык салыктык көзөмөлдү камсыздоого, салык чогултуу көрсөткүчүн жакшыртууга жана базарларда, соода борборлорунда ишмердүүлүктү жөнгө салууга багытталат.