Кыргызстандын авиакомпаниялары бааларды жана тарифтерди сом менен көрсөтүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Компанияларга расмий түрдө эскертүү берилди, алар 25-майга чейин бардык бааларды жана тарифтерди сомго өткөрүшү керек. Болбосо, физикалык жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сомго чейин айып салынат.