9-майда Бишкекте “Өлбөс полктун” жүрүшү болот

9-майда Бишкекте “Өлбөс полктун” жүрүшү болот. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, салттуу жүрүш эртең мененки саат 9да башталат. Катышуучулар Түштүк дарбазадагы эс алуу багынан Байтик Баатыр көчөсү менен Фрунзе көчөсүнө чейин басып келет.

 

Акция Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюу менен жыйынтыкталат.

 

Мэрия бул күнү транспорт кыймылына чектөө киргизип, жолду бошотуп берет. Жеринде тез жардам кызматы нөөмөттө турат. Акцияга бардык каалоочулар катыша алат.