Бишкек милициясы кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштөөсүн улантууда

Бишкек милициясы кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштөөсүн улантууда. Ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, тартип сакчылар май майрамдарында коомдук коопсуздукту камсыздап жатат.

 

Жалпысынан, Бишкекте абал тынч. Кандайдыр бир коркунучтар жаралса, жарандар дароо милициянын жакынкы бөлүмүнө же 102 номерине кайрылышы керек. Эске салсак, май майрамдарына карата өлкө аймагында 10 миңден ашык милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.