Россиянын башкы авиакомпаниясы бүгүнтөн тарта Кыргызстанга каттамдарын жандантты

Россиянын башкы авиакомпаниясы бүгүнтөн тарта Кыргызстанга каттамдарын жандантты. Москва – Бишкек багыты боюнча каттам “Манас” аэропортуна бүгүн учуп келет, — дешти Унаа жана жолдор министрлигинен.

 

Эске салсак, авиакомпания 8-мартта эл аралык каттамдарын толугу менен токтоткон. Андан улам, учуу билеттеринин баасы кескин кымбаттап кеткен.