“Талас” аэропортун оңдоо иштери толугу менен аяктады

“Талас” аэропортун оңдоо иштери толугу менен аяктады. “Манас” эл аралык аба майдандын маалыматына ылайык, жаңы курулган аэробекет саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алат.

 

Учуп-конуу залдары өзүнчө бөлүнгөн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жүргүнчүлөргө бардык шарттары менен жасалган. Ал ички каттамдарды тейлөөгө багытталган. Өткөн жылы сатып алынган Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактар май айында өлкөгө келери менен бардык аймактык аэропортторго каттап баштайт.