Бишкектеги Логвиненко көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат.
«Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей,
6-октябрь, шаршембиде эртең мененки саат 8ден түнкү 10го чейин
тилкенин Линейный бөлүгү тосулат. Аталган убакыт аралыгында
тиешелүү жерге асфальт тошөлүп, темир жол өтмөгүндөгү плиталар алынат.
Андан улам, айдоочуларга ыңгайсыздык жаралбашы үчүн
каттамдарды эртелеп түзүп алуу сунушталат.