Кыргызстандын дыйкандары күйүүчү-майлоочу май менен керектүү көлөмдүн 72 пайызына камсыз болду

Кыргызстандын дыйкандары күйүүчү-майлоочу май менен керектүү көлөмдүн 72 пайызына камсыз болду.

Бул тууралуу 24.kg агенттигине Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жазгы талаа иштерине 40 миң тонна дизель майы жана 9 миң тонна бензин керектелет.

Министрлик күйүүчү-майлоочу майдын жетишпеген бөлүгүн толтуруу үчүн 2022-жылга бөлүнгөн квотаны эске алуу менен Кыргызстандын Мунай ташуучулар ассоциациясы менен түзүлгөн меморандумду кайра карап чыгуу керектигин белгиледи.