Мал-жандыкты сыртка сатуу боюнча киргизилген чектөө азырынча алынбайт

Мал-жандыкты сыртка сатуу боюнча киргизилген чектөө азырынча алынбайт.

Бул тууралуу Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Азаттыкка» билдирет.

Анын айтымында, киргизилген чектөө эттин кымбаттап кеткенине

байланыштуу жана ал жайга чейин күчүндө болот. Эске салсак,

буга чейин азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу социалдык

маанилүү товарларды сыртка экспорттоого тыюу салынган.

Алардын арасында тирүү мал-жандык,

дан эгиндери жана айрым товарлардын түрлөрү бар.