Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү өндүрүш ачылат

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү өндүрүш ачылат.

Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Буга чейин инвестор менен

сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ишкана райондогу эски сүт заводун имаратында жайгашат жана ал

баардык жабдуулар менен камсыздалды. Имаратты оңдоп-түзөө иштери аяктаса, жумуштар

старт алат. Ошондой эле тургундардын маалыматын жогорулатуу жана сүттүү

уйларды көбөйтүү максатында атайын семинар уюштурулуп жатат.