Кыргызстандын коммерциялык банктары өткөн жылы 5 эсе көп киреше тапты

Кыргызстандын коммерциялык банктары өткөн жылы 5 эсе көп киреше тапты. 2022-жылдын жыйынтыгы менен таза киреше 23 миллиард 700 миллион сом түштү.

 

Бул рекорддук көрсөткүч экенин Улуттук банктан билдиришти.

 

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, чет элдик валютага болгон суроо-талаптын өсүшү республикадагы коммерциялык банктарда валюталык операциялардын жүрүшүн күчөткөн. Мындай жагдай республикалык бюджетке дагы салык төлөмдөрүнүн көлөмү менен чоң пайда алып келди, — дешти Улуттук банктан.