Соцфонд аялдар үчүн пенсияга чыгуу курагын жогорулатпайт

Соцфонд аялдар үчүн пенсияга чыгуу курагын жогорулатпайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда жарыяланды. Фонд төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаеванын айтымында, парламенттин профилдик комитети мындай жаңычылдыкка каршы чыкты.

 

Эске салсак, Соцфонд мамлекеттик кызматта иштеген аялдардын пенсияга чыгуу курагын 2024-жылдан тарта акырындап 58ден 60ка көтөрүүнү пландап жаткан.