Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттер онлайн режимде кабыл алынат

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттер онлайн режимде кабыл алынат.

 

Билим берүү министрлигинен эске салышкандай, болочок студенттер жалпы республикалык тестирлөө сертификатынын талондорун учурда иштелип жаткан атайын платформадан каттоодон өткөрүшү керек.

 

Эске салсак, университеттерге кабыл алуунун  биринчи туру 20-июлда старт алса, экинчиси 27синде, акыркысы   3-августта башталат. Ал эми Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын бүтүрүүчулөр 19-июлда алышат.