Жогорку окуу жайларга тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат

Жогорку окуу жайларга тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, экинчи тур 27-июлга, үчүнчү тур 3-августка белгиленип жатат.

 

Ал эми адистештирилген билим берүү мекемелери документтерди 1-июлдан тарта кабыл ала баштайт. Кошумчаласам, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 10-13-июль аралыгында чыгат.