Кыргызстанга Абу-Даби шаарынын эркин экономикалык аймагынан деңизге мүмкүнчүлүк ачуу үчүн жер тилкеси бөлүп берилди. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, аймактын жалпы аянты 30 гектардан ашат.
Эркин экономикалык аймак Халифа портунун жанында жайгашкан. Жер тилкеси логистикалык борборду, бажы аймагын колдонуу жана өнүктүрүү үчүн бөлүндү.
Андан тышкары, араб компаниясы Каржы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны жаңылоо жана санариптештирүүнү демилгеледи.