Саламаттыкты сактоо министрлиги тиешелүү чечим чыгарса, мектептердеги карантин узартылат. Бул тууралуу мектеп саясаты жана китеп чыгаруу башкармалыгынын жетекчиси Самаркүл Умралиева билдирди.
Анын айтымында, азырынча мектептер 24-декабрга чейин онлайн форматта билим берүүнү уланта берет.
Эске салсак, балдар арасында курч респиратордук вирустардын жана сасык тумоонун кескин жайылышына байланыштуу, өлкөнүн бардык мектептери бүгүнтөн тарта 24-декабрга чейин онлайн окутууга өттү.