Кыргызстанга Азербайжан жана Армениянын премьер-министрлери келишти

Азербайжандын премьер-министри Али Асадов жана Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келишти. Аларды «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Анда интеграциялык биримдик алкагындагы актуалдуу маселелер каралып, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар болору күтүлүүдө. 2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

Евразия экономикалык комиссиянын сайтындагы маалыматка караганда, кеңештин жыйынына уюмга мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Россиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Биримдикке мүчө болгону менен кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүүдө көйгөй жаралып келүүдө.