Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев иштен кетерин билдирди

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев иштен кетерин билдирди.

Буга анын айтылуу Гарвард университетинин магистратура бөлүмүнө окууга өткөнү себеп болду.

Ал кызматын тапшыра турганын, бирок өлкөнү санариптештирүү маселелери боюнча президентинин кеңешчиси бойдон каларын кошумчалады.

Ал Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы болуп 2019-жылдын май айынын аягында дайындалган.

Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп, кийин президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп келген.

Дагы: https://sputnik.kg/politics/20200610/1048621679/dastan-dogoev-kyzmattan-ketti.html