Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси кийинки жылы аяктайт

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси кийинки жылы аяктайт.  “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы инженери Роман Спасский билдиргендей, негиздемени даярдоо үчүн Кытайдан 157 адис келген.

 

Алар эки топко бөлүнүп, Нарын жана Жалал-Абад облустарында иштеп жатат.

 

Курулушту ким каржылай турганы чечиле элек, азырынча үч өлкө тең бөлүп төлөй турганы айтылууда. Кыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк же инвестициялык макулдашуу аркылуу каржылоону караштырууда, — деди адис. Долбоордун наркы болжол менен 5 миллиард долларга бааланат.