Кыргызстанга Кытайдан 100 жаран кайтарылды.
Бул тууралуу Тышкы иштери министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Сиань-Бишкек багыты боюнча чартердик каттам учуп келди.
Алардын көпчүлүгү Кытайдын ЖОЖдорунда билим алган студенттер.
Жүргүнчүлөр Кытайдын 40 шаарынан чогултулду.
Чет мамлекеттерде жүргөн мекендештерди өлкөгө кайтаруу иштери уланууда.