Бишкектин көчөлөрүн калыбына келтирүүнүн экинчи фазасы мартта башталат

Бишкектин көчөлөрүн калыбына келтирүүнүн экинчи фазасы мартта башталат. Бул тууралуу novosti.kgге Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти. Учурда аткаруучу компанияны аныктоого сынак жарыяланды.

 

Күтүлгөндөй, күн жылыганга чейин бардык даярдык иштер соңуна чыгат. Эске салсак, долбоордун экинчи фазасынын алкагында 60 көчө ремонттолот. Кытайлык гранттын эсебинен аткарыла турган иштер 2 жылга созулмакчы.