Кыргызстандыктар эми мамлекет чегерүүчү жөлөкпулун кайсы жерге кайрылса, ошол жерден ала алат

Кыргызстандыктар эми мамлекет чегерүүчү жөлөкпулун кайсы жерге кайрылса, ошол жерден ала алат. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдиргендей, тийиштүү мыйзамга президент кол койду.

 

Макамы жок жаңы конуштарда, дачаларда жашагандар буга чейин социалдык төлөм алууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, эми, бул мыйзамга ылайык, аларга кайсы жерге кайрылса, ошол жерден алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

 

Жыл башынан бери  социалдык төлөмдөргө республикалык бюджеттен 4 миллиард 778 миллион сом бөлүндү, — деди Кочкоров.