Кытай Кыргызстанга жүк ташуучу унаалардын санын бүгүнтөн тарта көбөйтүүгө даяр

Кытай Кыргызстанга жүк ташуучу унаалардын санын бүгүнтөн тарта көбөйтүүгө даяр. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, кеп “Иркештам” жана “Торугарт” өткөрүү түйүндөрүнүн иш убактысын узартуу тууралуу болуп жатат.

 

Ошондой эле, аларды күн сайын иштөө графигине өткөрүү пландалууда. Министрлер кабинетинин эсептөөлөрүнө ылайык, бул суткасына 30дан кем эмес унаа өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

 

Андан тышкары, Кытай “Иркештам” өткөрүү түйүнүнө 2 сактоочу жай куруп, контейнерлер үчүн атайын кран орнотуу ниетинде.