Кыргыз-кытай чек арасын ачуу маселеси коронавирус боюнча абалга көз каранды болот

Кыргыз-кытай чек арасын ачуу маселеси коронавирус боюнча абалга көз каранды болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди. Ал эске салгандай, чек арадан адамдарды, транспортту жана жүктү өткөрүүдө киргизилген чектөөлөр убактылуу.

 

Чек ара жабылгандан кийин Кыргызстанга кирген Кытайдын жарандарында буга чейин эле берилген визалар болгон.

 

Эске салсак, 24-январда кыргыз-кытай чек арасы коңшу мамлекетте Жаңы жыл белгиленгенине байланыштуу жабылган. Кийин коронавируска байланыштуу аны ачпай туруу чечими кабыл алынды.