Ош облусунун Чоң-Алай районундагы 5 айылдын тургундары эвакуацияланды.
Бул тууралуу 24 агенттигине райондук администрациянын аппарат башчысы
Файзидин Низамов билдирди. Анын айтымында, Жекенди айыл аймагындагы
8 миңге жакын жашоочу үйлөрүн таштап кетишти. Ал белгилегендей, Чоң-Алай
районунда азырынча кырдаал туруктуу. Бийлик тургундарды эгер чыр-чатак курчуп кетсе,
коопсуздук үчүн эвакуациялап жатат. Эске салсак, 4-июнга караган түнү тажик тарап
буга чейин жетишилген макулдашууну бузуп Ош облусунун Чоң-Алай районунун
Унжу-Булак аймагына контейнер орнотту. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча,
аталган аймак өлкөлөр ортосунда такталган эмес.