Кыргыз-казак чек арасындагы эки түйүндүн макамы өзгөрдү

Кыргыз-казак чек арасындагы эки түйүндүн макамы өзгөрдү. “Кең-Булуң” жана “Токмок” өткөрмө бекеттери эми көп тараптуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 2-марттан тарта аталган бекеттер 3-өлкөнүн жарандарын дагы өткөрө баштады. Эки  түйүн күнү-түнү иштеп, адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүдө.

 

Эки өлкө өкмөттөрүнүн макулдашуусуна эки бекеттин макамын өзгөртүү тууралуу кошумча протокол 2018-жылы Нур-Султанда өткөн сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган.