Кытайда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча меморандумга кол коюлду

Кытайда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча меморандумга кол коюлду.

 

Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, үч тараптуу документке Кыргызстандын, Өзбекстандын транспорт министрлери жана Кытайдын өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү кол коюшту. Ведомстводон белгилешкендей, бул меморандум темир жолдун курулушун баштоону тездетүүгө өбөлгө түзөт.

 

Эске салсак, аталган каттам Кытайдан Кыргызстанга жана ошондой эле Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө товар жеткирүүнү камсыздайт.