Лейлек районунун Тогуз-Булак жергесинде кечээ сел жүрүп, ички чарбачылык жолду суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле селден коргоочу канал жабыркады. Узун-Сай, Күнгөй, Кожо, Тешик-Таш жана Майдан тилкелеринде 30 узундугу метрге жакын тармак жарактан чыкты.
Учурда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери селдин кесепетин жоюуп жатат.