Кытайлык “Синофарм” вакциасынын экинчи партиясын жеткирүү суроосу чечилди

Кытайлык “Синофарм” вакциасынын экинчи партиясын жеткирүү суроосу чечилди.

 

Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, Кытай 150 миң доза препаратты кайсы шаардан алып кетүү керектигин маалымдашы керек.

 

Ал эми россиялык “Спутник V” вакцинасы майдын аягына чейин өлкөгө жеткирилет.

 

AstraZeneca препараты тууралуу айта турган болсок, аны алып келүү боюнча так мөөнөт  айтыла элек. Болжол менен, кийинки айда келиши мүмкүн. Белгилеп кетсек, бул вакциналардын бардыгын кыргызстандыктар акысыз алат.