Ленин округу боюнча шайлоочулардын тизмеси такталды. Ага ылайык, 28-майда 124 миң 671 шайлоочу добуш бере алат.
Боршайкомдун маалыматына ылайык, жарандар өздөрүнүн бар-жоктугун “Тизме” мамлекеттик порталынан текшере алат.
Андан өзүн таба албагандар аймактык шайлоо комиссиясына кайрылышы керек. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан Жогорку Кеңеш депутатын шайлоо 28-майда өтөт. Жарышка 32 талапкер катталды. Кайрадан шайлоо өткөрүүгө 18 миллион сом жумшалат.