Өлкөдө айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү

Кыргызстандын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү максатында өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кеңештин негизги милдети Кыргыз өлкөсүндө айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган пландардын жана иш-аракеттердин кызматташтыгын чыңдоо үчүн колдо болгон техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле макулдашылган саясатты жүргүзүү.
Анын курамына негизги мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин элчиликтери, донорлор, эл аралык уюмдар жана каржы институттары кирген.
Айыл, суу жана токой чарба министри Аскарбек Жаныбеков министрликтин алдыда коюлган негизги приоритеттери менен тааныштырды:
  • Азык-түлүк коопсуздугу
  • Органикалык айыл чарбасы
  • Климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу
  • Кластерди өнүктүрүү
  • Айыл чарбасын санариптештирүү
  • Өндүрүлгөн продукцияларды жаңы базарларга алып чыгуу.
«Бүгүнкү күндө биз өлкөнүн айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүнүн жана экономикалык потенциалды кеңейтүүнүн бир нече артыкчылыктуу багыттарын аныктап жатабыз. Координациялык кеңеш катализатор жана талкуу аянтчасы болуп, айыл чарбасын санариптештирүүгө жана инновацияларды өнүктүрүүгө, жалпы агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүгө жардам берет«, — деди Аскарбек Жаныбеков.