Дыйкандарга жеңилдетилген насыялар берилет

«Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоорунун алкагында дыйкандарга

жеңилдетилген насыялар берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министринин

орун басары Жаныбек Керималиев novosti.kgге билдирди. Анын айтымында,

долбоордун өзгөчөлүгү 11 айыл чарба продукциясына артыкчылык берилип,

«Кайра иштетүү» тармагына пайыздык үстөк жылына 6 пайыз белгиленген.

Дыйкандар насыяларды мамлекеттик 2 жана 3 коммерциялык банктардан ала алат.