Май айында керектөөчүлөр 42 миллион киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөштү.
“Түндүк электр» ишканасынан билдиришкендей, май айына 362 миллион киловатт-саат
электр энергиясы каралган. Бирок керектөө 320 миллион киловатт-саатты түздү.
Ал эми былтыркы жылдын ушул эле мөөнөт аралыгында “Түндүк электрдин”
керектөөчүлөрү 360,5 миллион киловатт-саат электр энергиясын колдонушкан.